Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 21.06.2017 12:45

Ысык-Көлдө багар көрөрү жок, майып адамдарга 2 млн сомдук жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жалгыз бой, багар көрөрү жок, майып адамдарга 2 млн сомго материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын биринчи кварталында облустун район-шаарларында жергиликтүү бюджеттин эсебинен майыптыгы бар жарандарга, жетим-жесирлерге, багар көрөрү жок жалпы 1490 адамга 2 млн сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү.

«Облус боюнча 549 жаран 672,7 миӊ сом өлчөмүндө демөөрчүлүк жардам алышты. 87 жаранга 511,5 миӊ сом гуманитардык жардам берилди», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×