Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түптө медициналык кызматкерлер арасында облустук манасиада өткөрүлөт

Turmush -  Түп районунда медициналык кызматкерлер арасында облустук манасиада өткөрүлөт.

Манасиада Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата Ысык-Көл айылындагы «Маяк» балдардын ден соолукту чыңдоочу спорттук комплексинде 22-23-июнь күндөрү өтүп, ага Ысык-Көл облустук саламаттыкты сактоо кеңеши, саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Көл облустук комитети катышат.

«Жалпысынан 5 район, бир шаар жана бир санаториядан командалар топтолуп, жалпы 10 команда катышат. Ар биринен 31ден катышуучу чыгып, жалпы 310 адам волейбол, стол тенниси, шахмат жана кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүшөт. Эки күнгө созулган мелдештеги жол кире, жатакана, тамак-ашка болгон чыгымдарды спортчуларды жиберген мекемелер өздөрү төлөшөт. Адаттагыдай эле көлгө түшүү менен бирге маданий көңүл ачуу да каралган», - деди медицина кызматкерлеринин облустук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.Иманакунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1263
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×