Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Ысык-аталык Э.Өмүрбеков 20 жылдан бери миң гектарга жакын жерди иштетип жатат (фото)

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Туз айылынын тургуну Эмил Өмүрбеков 20 жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 20 жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келем. Алгач буудай, беде жана кызылча эгип жүрдүм. 1 гектардагы буудайдан 35-40 центнерден түшүм алып, айыл ичинде рекорд болдум. Чынын айтыш керек, мурункуга караганда акыркы жылдары өкмөт айыл чарбага көӊүл бура баштады. Дыйкандардын түйшүгүн өз мойнуна ала албаса да, алар жөнүндө сөз кылып жатканы жакшы көрүнүш. Биздин дыйкандар башка өлкөдөгүлөргө караганда өтө эмгекчил, тырышчаак. Ошондуктан биздин өкмөт бир аз жардам берсе, калганын дыйкандар өздөрү өнүктүрүп кетет.

Өлкөбүздөгү дыйкандардын айыл чарба боюнча билими, маалыматы аз деп ойлойм. Мисалы, дыйкандар үчүн өткөн семинарлар, тренингдердин баары эле биздин шартка туура келе бербейт. Мага семинарлар, тренингдер окутуучулар айлык маяна алыш үчүн, отчет бериш үчүн гана өткөрүлүп жаткандай сезилет. Андан көрө биздин дыйкандардын өндүргөн продукцияларын реализациялоого жардам берип, керектүү техника менен камсыздап турушса жакшы болмок», - деди ал.

Анын бир кездеги 10 гектар жери 1000 гектарга кеңейген.

«Түшкөн киреше, алган түшүм үчүн кудайга шүгүр деп айтам. Кээде түшүм да, киреше да таптакыр жок болуп калган учурлар болот. Негизи дыйкан тапкан кирешесине мактана албайт», - деди ал.

Эмил Өмүрбеков 1973-жылы 28-октябрда Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Туз айыл өкмөтүндө төрөлгөн.

«Аталган айылдагы А.Айталиев атындагы орто мектебин аяктап, Кант шаарындагы №25 лицейди бүтүргөм. Келинчегим Кыял Рахимбаева экөөбүз 20 жылдан бери чогуу түтүн булатып жашап келе жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1434
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×