Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Баракелде

Президент А.Атамбаев Россияга учуп кетти

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-июнда мамлекеттик сапар менен Россия Федерациясына жөнөп кетти, деп маалымдады басма сөз кызматы.

Сапардын алкагында Россиянын президенти Владимир Путин, өкмөттүн төрагасы Дмитрий Медведев, ошондой эле Башкортостан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов жана Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушат.

Ошондой эле, А.Атамбаевдин сапарынын алкагында Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрү өткөрүлөт. 24-июнга чейин созула турган сапардын жүрүшүндө бир катар документтерге кол коюу да болжолдонууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1093
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×