Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдө ички көчөлөрдүн чуңкур жерлери 3,9 млн сомго оңдолууда

Turmush -  Кара-Көл шаарынын ички көчөлөрүнүн чуңкур жерлери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, асфальт төшөлүүдө, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Элдияр Бабакановдун айтымында, былтыр жол оңдоо иштери аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу быйылкы жылга калтырылган.

«Былтыр жергиликтүү бюджет кеч кабыл алынгандыктан жолду оңдоп-түзөө иштери кеч күзгө туура келди. Асфальт төшөө иштери суукта сапатсыз жасалып калбашы үчүн быйылкы жылга которулган. Ал эми июнь айынан баштап шаардын Пойма бөлүгүнөн Серый көчөсүн жана Жетинчи аянтчадан 4 көчөнү оңдоп баштаганбыз. Жалпы 198 чарчы метр жер оңдоодон өтөт, ал эми 5541 чарчы метр жер асфальтталат. Жергиликтүү бюджеттен жол оңдоо иштерине 3 млн 998 миң сом каралган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 803
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×