Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

«Мак-2017» операциясынын жүрүшүндө Түп районунан 11 кг ашык баңгизат алынды

Turmush -  «Мак-2017» операциясынын жүрүшүндө бир сутканын ичинде Түп районунан 11 килограммдан ашык баңгизат алынды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баңгизат ИИМдин Мыйзамсыз баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери, ИИМдин Ысык-Көл облусу боюнча патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жана Чыгыш бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кинологдору менен бирдикте жүргүзүлгөн иштердин алкагында алынды.

Алдын ала түшкөн маалыматтын негизинде мурда баңгизатын мыйзамсыз сактаганы үчүн соттолгон 54 жаштагы К.Сергейдин үйүнө кароо жүргүзүлүп, 10 кг 350 гр түзгөн марихуана баңгизаты табылган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду.

Ошол эле күнү мурда ээнбаштык кылмышы менен соттолгон 43 жаштагы Т.Максаттын үйүн текшерүү учурунда гараждын чатырына катып койгон 670 грамм марихуана табылды. Кылмышка шектүү катары кармалган адамдарга жашаган жеринен эч жакка кетпөө чарасы каралып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 519
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×