При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Мекендештер: Якутиядагы фирмада иштеген Нурланбек жумушка жалаң кыргыздарды алат (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Капарбек уулу Нурланбек. Ал 1990-жылы Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Оттук айылында төрөлгөн. Учурда Россия Федерациясынын Саха Республикасындагы (Якутия) Мирный шаарында суу чыгарган «Слеза феникса» фирмасынын башчысынын жардамчысы болуп эмгектенүүдө. Аймактык кабарчы мекендешибизден кабар алды.

«Мирный шаарында 2013-жылдан бери келип-кетип иштеп жүрөм. Буга чейин ар кандай жумуштарда иштеп келсем, акыркы маалдарда таза суу чыгарган ишканада иштеп жатам. Эртеӊ менен жардамчы балдар менен даяр сууларды дүкөндөргө жеткирем. Кечинде суулардын акчасын жетекчиликке тапшырам. Эртеӊ менен 09:00дө жумуш башталып, түштө бир саат убакыт тамактанууга берилет. Жумуш кечки саат 17:00-18:00 чамасында бүтөт. Айлык болжол менен 40-45 миӊ рубль чыгат. Бул фирмада жетекчинин жардамчысымын. Жумушка кызматчыларды мен алам. Ошол себептен жалаӊ кыргыз балдарды жумушка алгам. Өзүбүздүн ишибизди так жана туура, ак мээнет менен аткарууга аракет кылабыз. Жетекчибиз тажикстандык орус. 17 жашында ата-энеси менен көчүп келишкен. Ал тажикче сүйлөй алат жана бизге болгон мамилеси жакшы», - дейт ал.

Мекендешибиз бош убактысын машыгуу залында өткөрөт.

«Мурда бул жактан баалуу алмаз таш казылчу экен. Мурда жабык шаар болсо, азыр бул жер кадимки шаар. Мен жүргөн шаарда 2 миң кыргыз бар деп уккан элем. Якуттарда деле биздей жакшысы да, жаманы да бар. Бирок, менин байкашымча улутчул болушат экен. Аба ырайы болсо суук. Июнь, июль, август айларында 20 градустун тегерегинде жылып, августтун аягында күз келет. Ушул 3 айдан башка 9 ай суук болуп өтөт. Ошондой эле, булар кыргыз күрөшүнө окшош спорттун түрү менен машыгышат», - дейт Нурланбек.

Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын эӊ кичүүсү.

«Атам Исраилович Капар Чороев, Кеӊеш өкмөтү убагында айылдык кеӊештин депутаты болгон. Апам Жайнакова Шабыркүл Абдиевна убагында почтада иштеген. 5 бир тууганбыз. Эӊ улуу эжебиз кайтыш болуп калган. Андан кийин 3 байкем бар. Мен үйдүн эӊ кичүүсүмүн. Келечекте жеке иш баштап, мекениме, өз айылыма жардамым тийсе деген тилегим бар», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7621
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×