Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Кеминде «Жаштык - китеп кербени» акциясы өттү (фото)

Turmush -  Кемин районунун Чым-Коргон айылында 15-июнда Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата «Жаштык - китеп кербени» акциясы өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Акция «Жаш кезиңде сыйлап жүргүн аксакалды карыны, карыганда күндүн тийет кайра өзүңө жарыгы» деген темада өткөрүлдү. Акцияга райондун бардык аймагынан шаар жана айылдардын, мектептердин китепканачылары, мектеп окуучулары, чакырылган коноктор болуп бардыгы 300дөй адам катышты.

Иш-чарада Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.Курманалиева, Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макеев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык, мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси К.Нарынбаева жана Чүй облустук борбордук китепканасынын башчысы Т.Таджиева куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Анда интелектуалдык-маалымат берүүчү иш-чаралар, спорттук мелдештер, мастер класстар уюштурулуп, баалуу белектер, дипломдор жана бардык өспүрүмдөргө балмуздак жана суусундуктар таратылды. Иш-чарада Кемин районунун «Шайыр апалар», «Шайыр аталар» тобу жана мектеп окуучулары концерттик програама тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 873
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×