При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Токтогулдун Торкен айылдык кеңешинин төрагасы болуп кайрадан Улан Учуков шайланды

Turmush -  Токтогул районунун Торкен айылдык кеңешинин төрагасы болуп кайрадан Улан Учуков шайланды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, Торкен айылдык кеңешинин депутаттары кайра шайлоо болуп өткөндөн кийин алар өздөрүнүн алгачкы уюштуруу сессиясын өткөрүштү.

Уюштуруу сессиясында айылдык кеңештин төрагасын шайлоо маселеси коюлду. Айылдык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен анын төрагалыгына кайрадан Улан Учуков шайланды. Ал мурда да ушул эле Торкен айылдык кеңешинин төрагасы болуп иштеген жана бул жолу да айылдык кеңештин депутаты болуп шайланган. Торкен айылдык кеңешинде 21 депутат бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 489
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×