Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Кадамжай шаардык кеңеши төрагалыкка 32 жаштагы А.Кудайбергеновду шайлады (видео)

Turmush -  Бүгүн, 16-июнда Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасы болуп 32 жаштагы Авазбек Кудайбергенов шайланды. Бул тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Алгач төрагалыкка КСДП партиясынан Толкун Исаков, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Ислам Арыков жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Алтынбек Абдираимов ат салышып, жетиштүү добуш топтошкон эмес. Кайрадан шайлоо белгиленип, «Өнүгүү-Прогресс» жана КСДП партияларынан талапкерлер көрсөтүлгөн. Бирок, кийинчерээк «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын талапкери өз каалоосу менен шайлоого катышуудан баш тарткан.

Төраганы шайлоо күнү А.Кудайбергенов жалгыз талапкер болуп, 16 депутат бир добуштан колдосо, 5 депутат каршы добуш берген. Жыйынтыгында Кудайбергенов Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Ал буга чейин АРИС уюмунда эмгектенип келген.

Кыргызстанда 28-майда айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланды. Жалпысынан 41 аймактык кеңеште (8 шаардык, 33 айылдык кеңеш) шайлоо өттү.

Кадамжай шаардык кеңешин шайлоого катышкан 7 партия тең жетиштүү добуш топтогон.

Болжолдуу жыйынтык боюнча «Ата Журт Мекенчил» партиясы 246 добуш менен 2 мандат алат.

1. Ахматали Нажимидинов;

2. Исманали Жаманбаев.

КСДП (503 добуш, 4 мандат):

1. Авазбек Кубайбергенов;

2. Чыңгыз Нурматов;

3. Азиза Шакирова;

4. Толкунбек Исаков.

«Мекеним Кыргызстан» (726 добуш, 5 мандат):

1. Шамши Абдырахманов; 

2. Абдумалик Сариков; 

3. Гүлнара Маатказиева; 

4. Толкунбек Абдирайимов;

5. Турдахун Жолболдуев.

«Республика» (328 добуш 2 мандат):

1. Кубаныч Дастиров; 

2. Азизбек Аманов;

«Бүтүн Кыргызстан» (232 добуш, 2 мандат):

1. Улукбек Шамшиев; 

2. Толкунбек Айтматов. 

«Кыргызстан» (251 добуш, 2 мандат):

1. Кубанычбек Ысматов;  

2. Камалидин Нарбаев.

«Өнүгүү-Прогресс» (580 добуш, 4 мандат):

1. Исламидин Арыков;

2. Шамши Караев; 

3. Нуркан Ашимова;

4. Эркин Урайимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1396
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×