Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

Айыл турмушу: Бир айылдагы аялдарды чеберчиликке үйрөткөн Хадия апанын эмгектери (фото)

Turmush -  Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтүнүн Алим-Төбө айылындагы уз-чеберлердин көпчүлүгү Хадия Уматкуловадан сабак алышат. Жашы 60тан ашып калган Хадия апа бүгүнкү күнгө чейин мектепте окуучуларга эмгек сабагын окутуп, элеттик келиндерди шакирт кылып тарбиялоого да жетишет. Чебер айымдын эмгектери менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жашоодо бардык нерсе зарылчылыктан улам жаралган. Мен 25 жашка чейин колума ийне кармап көргөн эмесмин. Керек болгон буюмдарды өз алдымча жасай алам деп ойлобосом да, бир нерселерди бузууга шыктуу болчумун. Ар кандай буюмдарды бузуп алып, кайра аны оңдой албай кыйналчумун. Ошол бузулган нерселерди оңдоп, бир аз өзгөртүп, өзүм идея кошуп жатып жаңы нерселерди жасоону өздөштүрдүм. 1975-87-жылдары бала бакчада иштедим. Ал бакчада болгону 18 жаштан 30 жашка чейин иштептирмин. Бакчада балдарга керектүү оюнчуктарды жасап жатып, кызыгуум күчөп кетти. Кийин айылдагы мектепте башталгыч класстын окуучуларына сабак берип жүрдүм», - деди ал.

Мектепте маяна аз болгондуктан узчулук өнөр ага кошумча киреше булагы болуп, кийизден куурчактардын түрлөрүн, сувенир жана бисерден гүлдөрдү жасап баштаган. Эмгектерин фестивалдарда көргөзмөгө коюп, бала бакчалар менен келишим түзүүгө да жетишкен.

«Пенсияга чыкканым менен жамааттын суранычы боюнча эмгек сабагынан мугалим болуп калдым. Билген нерселеримди башкаларга да үйрөтүшүм керек. Бир кесиптин ээси болгон адамдын наны эч убакта жарты болбойт. Бүтүн нан таап жегиң келсе бир өнөрдүн ээси бол», - деди Х.Уматкулова.

12 неберенин чоң энеси учурда узчулукту неберелерине да үйрөтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1422
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×