При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Астанадагы EXPO-2017ге катышып, 1 млн теңге уткан жаш саяпкер Эдил 6 жылда 20дай унаа жеңип алган (фото)

Turmush -  Сокулук районунда жашаган саяпкер Дүрбөлөӊ уулу Эдил 10 жылдан бери ат таптап келет. Ал акыркы 6 жылда 30дай тулпар таптап, ар түрдүү мелдештерде 20дай автоунаа утуп алган. Аймактык кабарчы саяпкердин иши менен таанышып келди.

«Атка минип, саяпкерлик кылып келе жатканыма 10 жыл болуп калды. Алгач саяпкердин жардамчысы болуп 4,5 жыл иштедим. Атты туура таптоону үйрөнгөндөн кийин 6 жылдан бери өз алдымча саяпкер болуп келе жатам. Бул убакыттын ичинде бир топ мелдештерге катышып, көптөгөн байгенин ээси болдум. Байгелердин ичинде 20 унаа, акчалай байгелер, мал-жандыктар, үй эмеректери да бар.

Атка болгон кызыгуум бала кезден эле башталган. Атам мал базардан тай сатып берген эле. Ошол тайымды атамдын айтканы боюнча таптап, кичи мелдештерге түшүп, байгелерди алып жүрдүм. Кийин айылдан шаарга барып, ал жактан атмайданда саяпкердин жардамчысы болуп иштеп калдым. Негизи көп эле ат таптадык. Актилек деген ат менен 7 унаа, Ибарат деген ат менен 2 унаа, Карат деген тулпар менен 6 унаа, Нурпери деген байтал менен да унаа утканбыз. Мындан сырткары, Арабия деген байтал менен бардык чоӊ байгелерди утсак, Айданек деген ат менен да көп баш байгелерди ээледик. Ошол 6 жыл ичинде 30дай күлүк таптадым. Кыргызстандын президентинин кубогун 3 жолу уткам. Майрамдарда мелдештерге чыгып, баш байгелерди утуп жүрөбүз» - деди ал.

Жаш саяпкер Казакстандагы Астана шаарында өткөн EXPO-2017 жармаңкесинин алкагында уюштурулган кунан чабышта 3-орунга ээ болуп, 1 млн теңге утуп келгенин белгиледи.

«Жакшы жеӊиштерге жеттик. Эки жолу «Мыкты саяпкер» деген сыйлык беришкен (2012- 2013-жылдары). Албетте, бул ийгиликтер жалгыз менин колумдан келмек эмес, мыкты жардамчы балдарым бар. Казакстанда өткөн мелдешке «Тайиб» деген кунан менен катыштым. Ал буга чейин 4 жолу чабылып, 3 унаа уткан. Анын эки унаасын Казакстандан утуп келгенбиз. Негизи Астана шаарында өткөн EXPO-2017 жармаңкесинин алкагында өткөн мелдештерде кыргыздар үчүн кыска аралыкка гана катышууга уруксат беришкен. Ошол себептен Нургазы байке экөөбүз казактын атынан алыскы аралыкка жарышка түшүүгө туура келди. Антпесе, катышпай келмекпиз. Нургазы байке 2-орунду алса, мен 3-орунду багындырып келдик», - дейт жаш саяпкер.

Дүрбөлөӊ уулу Эдил 1991-жылы Талас районунун Үч-Эмчек айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси.

«Бир агам жана үч иним бар. Ата-энем айылда мал чарба менен алектенишет. Өзүм Сокулук районуна караштуу Жал айылында жашайм», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1654
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×