Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Талас

Фото - Таластагы катуу шамал чатырларды учуруп, бала бакчадагы терек кулады

Turmush -  Талас шаарында кечээ, 14-июнда саат 17:50дөн 18:40ка чейин катуу шамал болду. Метеорологиялык станциянын маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 22-28 метрге чейин жеткен. Адамдар жабыркаган жок.

Шамалдан кийин жарандык коргонуу комиссиясы жана ӨКМдин шаардык бөлүмүнүн башчысы тактоо иштерин жүргүзүп, 2 турак үйдүн чатырын, «Талас» электр тармактар ишканасынын күйүүчү май сактоочу кампасынын 75 шиферин жана унаа токтотуучу жайдын чатырын учуруп кеткени белгилүү болду. Ошондой эле, «Теремок» бала бакчасынын имаратына терек кулап, айнектери сынган.

Учурда тактоо иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2751
Көп окулду
×