Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусу 14.06.2017 11:24

Айыл турмушу: Ноокендик мугалим А.Зулпиева балдарын ЖОЖдон окутуу үчүн сүйүктүү кесибин дыйканчылыкка алмыштырды (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынын тургуну Айчүрөк Зулпиева мугалимдик кесибин таштап, дыйканчылык менен алектенүүдө. 26 жыл билим берүү тармагында иштеген А.Зулпиева аргасыздан сүйүктүү кесибин таштаганын аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, ал Бишкек шаарындагы Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун физика-математика факультетин 1977- жылы аяктаган. Ошол эле жылы Сакалды айылындагы Паяз атындагы орто мектебине математика сабагы боюнча мугалим болуп ишке кирип, 2003-жылга чейин эмгектенген.

Жолдошу Кадыр Садиров райондук билим берүү бөлүмүндө методика бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет. Экөө тең «Эл агартуунун отличниги» наамын алышкан. Алардын 3 уул, 1 кызы бар.

А.Зулпиеванын айтымында, 2003-жылы уулу менен кызы университетти аяктап, үчүнчү уулу студент болгон. Ага байланыштуу мектептеги маянанын аздыгынан ишин таштоого аргасыз болгон. Ал уул-кызын жогорку окуу жайдан окутуу үчүн дыйканчылык менен алектенип баштаган.

«Эл эмгегин жер жебейт» демекчи дыйканчылык кылып тапкан кирешеге балдарыбызды эл катары окутуп, уулубузду үйлөнтүп, үйлүү-жайлуу кылдык», - дейт ал.

Алар жылына 3-4 гектар жерге жүгөрү, 3-4-гектар жерге буудай өстүрүшөт. Мындан сырткары, 10 сотых жерге помидор, 10 сотых жерге бадыраң, 15 сотых жерге кулпунай эгип, түшүмүн базарга алып барып сатып, кирешесине пахта, жүгөрү, минералдык азыктарды алышат.

«Дыйканчылык кылып, былтыр «УТО 70» үлгүсүндөгү трактор сатып алдык. Быйыл 4,5 гектар жерге пионер сортундагы жүгөрү жана 1 гектар жерге пахтанын 2 сортун эктик. Буюрса, ушул күздө түшүмдөн тапкан кирешеге кенже уулубузду үйлөнтүп, той өткөрүүнү пландап жатабыз», - дейт А.Зулпиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×