Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.06.2017 18:50

Айыл турмушу: Кыргыз кызга үйлөнгөн голландиялык турист Караколдо мейманкана ачты (фото)

Turmush -  Голландиялык Андре Волькортэ 7 жылдан бери Каракол шаарында жашап, чакан ишкерчилик менен алектенет.

Андре Волькортэ Гүлжан аттуу кыргыз кызына баш кошуп, эки балалуу болушкан. Алар төрт жаштагы уулуна Тимо деген ысым ыйгарышса, кичүү баласын Саид деп аташкан.

«Мен биринчи жолу Кыргызстанга 2007-жылы турист катары келгем. Анда котормочулардын бири болочок жубайым Гүлжан эле. Экөөбүз бири-бирибизди жактырып, үйлөндүк. Баш кошконубузга 8 жыл болду. Алгач 1,5 жыл Нидерланды өлкөсүндө жашадык. Бирок, жубайым мекенин абдан сагынгандыктан Кыргызстанга кайтып келүүнү чечтик. Бул жердин аба ырайы, жаратылышы абдан жакты. Мындай кооздукту меймандар дагы көрсүн деп, чакан мейманкана ачтык. Анда чет элдик туристтерди кабыл алабыз», - дейт Андре.

Кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн Андре кошуналары менен жакшы тил табышат. Алар Ала-Көл өңдүү жерлерге туристтерди алып барып, жубайы котормочунун кызматын көрсөтүүдө. Ошондой эле, гид өңдүү кесип ээлерин да иш менен камсыз кылышат.

«Каракол мага абдан жагат. Мен учурда кыялымдагы шаарга келип жашап жатам. Ушул жерде жашап, балдарымды тарбиялагым келет», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×