При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Кадамжайлык Д.Султанов жасаган 4 кылдуу комуздан өзгөчө шаңдуу күүлөр жаңырат (видео, фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Майдан айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач айылынын 36 жаштагы тургуну Досмамат Султанов 4 кылдуу комуздары менен белгилүү. Ал 15 жашынан бери комуз чаап келет.

«Мага Кара-Жыгач айылынын тургуну Илияз 4 кылдуу комуз жасоону сунуштады. Бир ай дегенде 4 кылдуу комузду чаап бүттүм. Күүлөрү өзгөчө жакшы чыккандыктан 4 кылдууу комузду жасаса болот деген тыянакка келдим. Ошондой эле, 4 кылдуу комузду башкача ыкма менен жасап, башка күү чыгарса да болот. Азыр кыргыз күүлөрүн черткенде кошумча үн чыгып, көп адам черткендей кооз үн угулуп жатат. Комуздагы 4-кыл шаңдуу үн чыгарат. Ал комуз дагы кадимки өрүктүн жыгачынан жасалган», - деди уста.

Учурда уста жазгы талаа иштери менен алек болуп жатат. Кышында 4 кыл комуздарды чаап, элге жайылтууну максат кылууда. Анын айтымында, учурда 4 кылдуу комузду Чаувай айыл аймагынын таланттуу тургуну Жеңиш чертип жүрөт.

«Комуз чабууну 15 жашымдан тарта Осмон Дайыров деген алыскы чоң атабыздан үйрөнүп баштагам. Чоң атабыздын көзү өткөндөн кийин айрым ыкмаларын өзүмдүн атамдан үйрөнгөм. Бүгүнкү күнгө чейин 200дөн ашуун комуз чаап саттым. Мен жасаган комуздар жергиликтүү базарларда 4 миң сомдон тарта 10 миң сомго чейин бааланат. Комуз 2 жыл көлөкөдө кургатылып, сакталган өрүктөн жасалат. Комузду башка материалдардан да жасаса болот. Бирок, арчадан чабылган комуз үнсүз болгондуктан, өрүктөн жасалган комузга жетпейт. Комузду жасап жаткан учурда канчалык көңүл бурсаң, ошончолук мыкты жасалат. Мен жасаган комуздарды Түркияга, Германияга буйрутма мнен алып кетишет», - деди Досмамат Султанов.

Уста комузга чейин ээр чабуу менен алектенип келген.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1282
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×