Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Талас облусуТалас району 09.06.2017 15:54

Айыл турмушу: 22 жаштагы Нуркан күнөскана куруп, бир тонна түшүм алды (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 22 жаштагы тургуну Нуркан уулу Төрөгазы Россиянын Москва шаарынан күнөсканада жер-жемиштерди өстүрүүнү өздөштүрүп келген. Ал учурда короосуна чакан күнөскана куруп, бадыраң жана үй гүлдөрүн өстүрүп жатат. Аймактык кабарчы жаш багбандын иши менен таанышты.

«2013-жылы мектепти аяктап, Москва шаарына иштегени баргам. Ошол жерден күнөсканада жер-жемиштерди өстүрүүнү өздөштүрдүм. 2016-жылы Таласка келип, үйдүн короосуна 150 миң сом каражатка күнөскана курдум. Ал жерге алгач бадыраң өстүрүп, кышында түнү менен уктабай от жактым. Жумуш абдан оор, күнөсканадагы жер-жемиштерди бакканча эки ымыркайды баккан оңой десем болот. Жер-жемиштерди данек кезинен баштап, оорутпай дарылап карайсың, суукта сууну жылытып сугарасың. Айтор, түйшүгү көп. Башында бадыраңдын 2-3 жалбырагы чыкканда абдан кылдаттык менен карадым. Алгачкы түшүмдү алгандан кийин кийинки түшүмү мол болсун деп биринчи чыккан жалбырактарын кыркып турдум. Негизи күнөсканадагы түшүм ичиндеги температурага байланыштуу экен», - деди ал.

Анын күнөсканасынын ичине 250 түп бадыраң отургузулган.

«Ар бир түп 6 кг бадыраң бериши керек. Мен биринчи жолу өстүрүп жаткандыктан түшүм андай болгон жок», - деди ал.

Жаш ишкер күнөскананы ачкандан бери 1 тоннанын тегерегинде түшүм алып, алгачкыларын 120 сомдон өткөрсө, акыркыларын 35 сомдон саткан.

Ал үй-бүлөдө 2 бир туугандын кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×