Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Фото - Ошто 16 жаштагы өспүрүмдүн унаасы сүзүп каза болгон Х.Адахамованын 2 баласы калды

Turmush -  Ош шаарында 16 жаштагы өспүрүмдүн башкаруусундагы унаа сүзүп каза болгон «Топ жылдыз» бала бакчасынын кызматкери Хапиза Адахамова бүгүн, 8-июнда жерге берилди. Маркум 20 жылдан бери аталган бакчада ашпозчу болуп иштеп келген. Үй-бүлөсү пенсияга чыккандан кийин өз каалоосу менен иштеп жатканын айтышты.

«Хапиза кесиптештер арасында өз орду бар адам эле. Эки күн мурун аны менен сүйлөшкөнүмдө “Орозо кармаганда алгач элдин балдарына бата тилеп, андан кийин өз балдарыбызга тилек айтышыбыз керек экен. Ошондо гана ниетибиз ишке ашат экен” деп Рамазан айынын касиеттерин айтып берген эле. Өзү 5 убак намаз окучу. Ал биздин бакчага жумушка киргенден тартып бир да жолу ишин үзгүлтүккө учураткан жок. Ар дайым элден биринчи барып калчу. Кечигип же келбей калган күнү болгон эмес», - деди аталган бала бакчада 34 жылдан бери тарбиячы болуп эмгектенип жаткан Минара Арзыбаева.

Он-Адыр аймактык кеңешинде жашаган 63 жаштагы Х.Адахамованын артында бир уул, бир кызы жана 5 небереси калды.

Авария кечээ, 7-июнда саат 07:00 чамасында шаардын А.Масалиев көчөсүндө болгон. «Ниссан» үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жатып, жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Андан жогору карай ыргыган аял артта келе жаткан «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унаанын алдыңкы терезесине урунган. Кырсык болгон жерге тез жардам кызматы келгиче аял алган жаракатынан каза болгон.

Биринчи унаанын 16 жаштагы айдоочусу А.Т. кырсык болгон жерден кармалып, текшерүү учурунда спирт ичимдигин ичкени аныкталган. Учурда айдоочу камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2487
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×