Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуСокулук району 08.06.2017 11:12

Айыл турмушу: Сокулуктук спортчу Ч.Латипов «Темир жолдун мыкты жумушчусу» наамын алды (фото)

Turmush -  Сокулук районундагы Шалта айылынын 23 жаштагы тургуну Чыңгыз Латипов 2016-жылы темир жол тармагында жакшы иштегени үчүн «Темир жолдун эң мыкты жаш жумушчусу» наамын алган. Мындан тышкары, ал спорт жаатында да көптөгөн ийгиликтерге жетишип келүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен Шалта айылындагы Дайыр Доронбеков атындагы орто мектебин 2011-жылы аяктап, №97 лицейден темир жол бөлүмүндө окудум. Ал эми, спорт менен машыгып келе жатканыма 3 жыл болуп калды. Мектепте окуп жүргөндө кикбоксинг, эр таймаш менен машыгып келсем, кийин таяк тартыш, кол күрөш, гиря көтөрүү менен машыктым. Негизи спортко башка балдардан айырмаланып күчтүү болуу үчүн келгем.

Темир жолчулардын майрамына карата жыл сайын спорттук мелдеш өтүп, анда гиря боюнча үч жылдан бери 1-орундарды алып жүрөм. Ал эми, таяк тартыш боюнча 3 жолу мелдештерге чыктым. Биринчи жолу Кыргызстандын чемпионатына чыгып, 2-орунду алсам, андан кийин Чолпон-Атада өткөн республикалык мелдеште 3-орунду алдым.

Бош убактымда устачылык менен алектенип, ширетүүчү болуп да иштеп жүрөм», - деди жаш спортчу.

Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

«Ата-энем мал чарба менен алектенип, дыйканчылык кылышат. Менден улуу 2 байкем да темир жолдо иштейт. Ал эми, карындашым 11-классты аяктады», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×