Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 02.06.2017 18:00

Айыл турмушу: Таластык Эмил уулу Айбек 6 баласын устачылык менен багып жатат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакыян айылынын 41 жаштагы тургуну Эмил уулу Айбек ата-бабаларынан бери уланып келе жаткан устачылык кесип менен алектенет. Аймактык кабарчы анын эмгектери менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бала кезинде эле устачылыкка кызыкчу.

«Мектепти бүтүп, үй-бүлө кургандан баштап жыгач устачылык менен үй-бүлөмдү багып келем. Көбүнчө айыл тургундары буйрутма беришет. Стол, отургуч жана башка эмеректерди жасаган акым 1500 сомдон жогору бааланат. Керектүү каражаттарды өздөрү алып келип беришет. Берилген буйрутмаларды 3 күндө жасап бүтөм», - деди ал.

Уста жубайы менен бирге 6 баланы тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×