Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 05.06.2017 08:15

Айыл турмушу: Кадамжайлык 80 жаштагы Абдыганы ата азыр да улак тартышка түшөт (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айылындагы Табалдиевдердин үй-бүлөсү ата-бабаларынан бери көк бөрүчү. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Үй-бүлөнүн 80 жаштагы атасы Абдыганы Табалдиев азыр атты мыкты минет. Уулу Данияр Табалдиев 16 жашынан бери көк бөрүгө түшүп жүрөт.

«Атам азыр 80ге чыкты. Ушул күнгө чейин айылда болгон улак тартыштарга катышып жүрөт. Мен өзүм 26 жылдан бери улакка катышам. Бул улуттук оюн мага кумар болуп калган. 2 жолу бутум сынганына карабай бүгүнкү күнгө чейин ат жалындамын. Менин жолумду жолдоп, уулум Ыктыярбек дагы улакка жакын», - деди ал.

Аламан байгеде улакты тайказанга салуу үчүн ат дагы мыкты болууга тийиш. Ар бир улакчы минген атын өз баласындай таптап, оюнга даярдайт.

«Менин күлүгүмдүн аты Беш-Кашка. Бул атым менен 2 унаага ээ болдум. Биздин айылда негизинен аламан байге көп өтөт. Атты тапка келтирүү бир топ түйшүк. Сентябрь айынан тартып мыкты карап багабыз. Күнүнө бир ат 10 кг кем эмес жем жейт. Жайкысын 5 кг көтөрбөйбүз. Улак тартыш болор мезгилге чейин күнүнө 1 чакырымдан, 20 чакырымга чейин бастырабыз. Бул аттын тез чарчап калышынын алдын алат. Улакчынын аты күчтүү болбосо ийгиликке жетише албайт. Улакчыны улакчы кылган аты болот», - деди Данияр Табалдиев

Көк бөрүчү 8 бир тууган. Үй-бүлөдө 4 кыз, 4 уул. Учурда 4 уул бир туугандардын бары тең улакчы. Данияр Табалдиев эл катары күрүч эгип дыйканчылык кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×