Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 01.06.2017 11:59

Жети-Өгүздө 6 жаштагы баланы зордуктоого шектүү делип 3 өспүрүм кармалды

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 6 жаштагы баланы зордуктоого шектүү делип жашы жете элек 3 өспүрүм кармалды.

Маалым болгондой, 30-майда жергиликтүү тургун милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз жарандар өспүрүм балага күч колдонушкандыгын билдирген. Анда 17 жаштагы жигит жаш баланы момпосуй берип алдаган деген версия айтылган. Жабыр тарткан бала зордук болгондугу боюнча ичи ооругандан кийин апасына айтып берген.

Мындан улам ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп, шектүү катары 15-17 жаштардагы 3 өспүрүм кармалган.

Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×