Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 30.05.2017 14:40

Айыл турмушу: Караколдуктар мугалим болуп келген кореялык Чихен Пакты Акылай деп аташат (фото)

Turmush -  Каракол шаарына мындан 5 жыл мурун Түштүк Кореядан келген Чихен Пак учурда жаштарга корей тилин үйрөтүүдө. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышып келди.

Чихенди окуучулары жана кесиптештери Акылай деп атап алышкан. Анткени, Чихен корей тилинде акыл, билим дегенди түшүндүрөт. Бул аралыкта Акылай 100дөн ашык балага тил үйрөттү. Анын ичинен 2 окуучусу Кореядан билим алып келди. Учурда дагы бир окуучусу барууга даярданууда. Дагы бир шакирти мугалим болуу үчүн Бишкектен окуп жатат.

«Корейче толук үйрөнүүгө 3 жыл талап кылынат. Эки жылда бир аз түшүнүп калат. Тилди үйрөнүүдө башкысы аракет, эрк керек», - дейт 45 жаштагы Чихен Пак.

Чихен Пак-Акылай Караколду өз үйүм деп эсептеп, ашлямфу тамагын жакшы көрөт.

«Кыргыздар абдан меймандос болот. Дайыма сыйлап, дасторкон жайышат. Мага ашлямфу, лагман жана куурдак тамактары абдан жакты. Мен ата-энемдин жалгыз кызы болгондуктан, алгач алар алыс кетти деп сарсанаа болушчу. Андан кийин апам Кыргызстанга келип, бул өлкөнү жакшы көрүп калды. Дагы келем деп жатат. Учурда мен корей тилинен тышкары математика боюнча сабак берем. Орус тилинде эркин сүйлөйм. Кыргызча үйрөнүүгө аракет жасап жатам», - деди Чихен Пак.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×