Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ысык-Көл облусуТүп району 30.05.2017 11:09

Айыл турмушу: Түптүк К.Элебаев 20 жылдан бери Куралдуу күчтөрдө кызмат кылат (фото)

Turmush -  Түп райондук аскер комиссариатында эмгектенген прапорщик Кылычбек Элебаев 20 жылдан бери КРнын Куралдуу күчтөрүнө кызмат кылат.

К.Элебаевдин айтымында, ушул тапта ал 2-бөлүмдүн башчысынын ага жардамчысы болуп эмгектенүүдө.

«1983-1985-жылдары Байкоңурда Советтик армиянын катарында кызмат кылдым. Келгенден кийин Балыкчыдагы индустриалдык техникумду аяктап, 1997-жылдын аягында кайра аскер кызматына келдим. Жыл айланбай Түп аскер комиссариатына келип, 2-бөлүмдө бир жерде дарак болуп көгөрүп келе жатам. Жылда майрам сайын сыйлыктардан куру калбайм. Жубайым Жаңыл Тойматова экөөбүз Эрлан аттуу уулду, Наргиза менен Адинай аттуу кызды тарбиялап өстүрдүк. 29-май биздин жамаат үчүн өзгөчө күн. Анткени КРнын Куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдыгы белгиленип жатат. Ал эми, мен үчүн эки эсе өзгөчө күн. Анткени 20 жылдан бери Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жатам», - деди К.Элебаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×