Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Талас облусуБакай-Ата району 29.05.2017 17:53

Айыл турмушу: Таластык кол өнөрчү Анаркүл апа чыгармачылык менен да алектенүүдө (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылынын 67 жаштагы тургуну Смаилова Анаркүл апа тамашалуу ырларды жазып, кол өнөрчүлүктү дагы аркалап келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Таш-Кудук айылында чоңойгон. Учурда «Талас айымдары» тобунун мүчөсү.

«19 жашымдан бери мыскыл-тамашаларды, ырларды жазам. Үй-бүлөбүз, бир туугандарым барыбыз ырчыбыз. 3 жылдан бери «Талас айымдары»тобунун мүчөсүмүн. Бүгүнкү күндө 50дөн ашык ырларым бар. Каражат болсо өзүмдүн чакан ыр китепчемди чыгарсам деген максатым бар», - деди ал.

Каарманбыз пенсияга чыккандан кийин кол өнөрчүлүгүн уланта баштаган.

«1972-жылы окуу жайды аяктап, Кызыл-Октябрь айылына келин болдум. Ошол жылдан баштап айыл өкмөттө кадрлар бөлүмүн жетектеп келдим. Кантордо отуруп түймөнү үйрөндүм. Пенсияга чыккандан кийин сандыктан кийим түйгөн шишимди таап алып, баш кийим түйүп баштадым. Андан кийин ушул нерсе менен алаксып, жип алып келип, чоң кийимдерди токудум», - деди ал.

Кол өнөрчү 2 уул, 1 кыз жана 12 неберенин апасы. Жолдошу Жеңишбек Сыдыгалиев 18 жыл мурун дүйнө салган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×