Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Чүй облусуЫсык-Ата району 29.05.2017 16:37

Айыл турмушу: Чүйлүк Жээнбүбү апа кол өнөрчүлүгүн келиндерине үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 67 жаштагы тургуну Жээнбүбү Төлөева 30 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аймактык кабарчы кол өнөрчү менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Тоң районуна караштуу Дөң-Талаа айылында төрөлгөн.

«Бул өнөр мага энемден калган. Ал киши «Кыял» ишканасы жаңы ачылганда 1970-жылдарда иштеген. Учурда кызга сеп жасап, жууркан-төшөк жана курак курайм. Тиккен төшөктөрүм сатууга коюлбайт. Жөн гана үйгө, неберелериме жасап берем. Негизи сатпайм дегеним менен буйрутмалар келип калат. Кээде бош болуп калсам, буйрутмаларды деле жасап берип коем. Билгенимди абысындарыма, келиндериме үйрөтөм. 1 айда 10 төшөктү курап, жасай алам. Төшөк курап жатканда абысындар менен өткөн-кеткенди айтып, кызыктуу окуяларды баяндап отурабыз.

Келечекте балдарымдын ийгиликтерин көрсөм дейм. Неберелеримдин өмүрүн, бактысын тилейм», - деди ал.

Кол өнөрчү 1 кыз, 3 уулдун, 15 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×