Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Чүй облусуАламүдүн району 29.05.2017 09:49

Айыл турмушу: Аламүдүндүк Ш.Сыргакова кол баштыктарды токуп, 1,5 миң сомго чейин баалайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районунун 27 жаштагы тургуну Ширин Сыргакова кооз кол баштыктарды токуп сатат. Turmush басылмасынын кабарчысы кол өнөрчүнүн эмгектерин көрүп келди.

«Мен кол өнөрчүлүккө кичинекей кезимден эле кызыкчумун. Кайненем ар кандай кийимдерди аябай жакшы токуучу. Кийин анын түйгөндөрүн көрүп, өзүм дагы кызыга баштадым. Бир жолу экинчи балам ооруп, үйдө отуруп калдым. Ошондон баштап кийимдерди түйүп баштагам. Бир кол баштыкты бир күндө бүтөм. Ал эми, байпакты 4 саатта бүтүрөм», - деди ал.

Кол өнөрчү кол баштыктарын 400 сомдон 1,5 миң сомго чейин баалап сатат.

«Азыр көбүнчө кол менен жасалган буюмдарды алып калышты. Келечекте ушул өнөрчүлүктү жаштарга үйрөтүп, чет өлкөлөргө чейин сатсам деген оюм бар», - деди ал.

Ширин Сыргакова үй-бүлөлүү бир кыз, эки уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×