Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Чүй облусуАламүдүн району 28.05.2017 11:03

Айыл турмушу: Аламүдүндүк В.Глухих кийимдерге жазууларды токуп, чет өлкөлөргө чейин сатат (фото)

Turmush -  Чүйдөгү Аламүдүн районунун 28 жаштагы тургуну Виктория Глухих атайын машинанын жардамы менен кийимдерге жазууларды токуп, аларды Канада, Австралия, Россияга чейин сатат. Анын эмгектерин Turmush басылмасынын кабарчысы көрүп келди.

«Бул иш менен алектенгениме эки жылдан ашып калды. Идеяны интернет желелеринен алдым. Кийимдерге жазууну 3 сааттан бир күнгө чейин токуп бүтөм. Ар бир жазуунун татаалдыгына жараша убакыт кетет. Керектүү буюмдарды Түркиядан буйрутма менен алдыртам. Бир айдын ичинде 5-20 кардар сатып алат», - деди кол өнөрчү.

Анын эмгектери 1,5 миң сомдон 2,5 миң сомго чейин бааланат.

«Келечектеги негизги максаттарымдын бири жеке ишкердикти өнүктүрүү. Учурда жаңы идеяларды издеп жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×