Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Чүй облусуСокулук району 26.05.2017 16:28

Айыл турмушу: Сокулуктагы эӊ көп балалуу эненин 8 уул, 6 кыз, 69 небере жана 49 чөбөрөсү бар (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук району боюнча эӊ көп балалуу эне Жийдегүл Кенжееванын 8 уул, 6 кызы, 69 небере жана 49 чөбөрөсү бар. Аймактык кабарчы баатыр эне менен таанышты.

WhatsApp Image 2017-05-25 at 12.57.01

«Мен 1939-жылы Тажикстан мамлекетинин Жерге-Тал айылында төрөлгөм. Кеӊеш өкмөтүндө көп жыл бою бала бакчада эмгектендим. Өмүрүмдүн бир топ бөлүгү ошол бала бакчада калды. Жолдошум болсо ал кезде өтүкчү жана уста болуп эмгектенген. Чүйгө 1999-жылы көчүп келип, дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектендик. Ушул жерден кыз берип, келин алдык. 2007-жылы жолдошум оорудан кайтыш болуп калды. Андан мурун 1959-жылы улуу балам да, кызым да оорудан каза болушкан. Калгандары аман-эсен чоӊоюп, үйлүү-жайлуу болушту. Балдарымдын ортолору 2 жаштан. Кенже уулдарымдын ортолору 1 жылдан болуп калды. Эӊ кичүү балам 1982-жылы төрөлгөн. Анын 2 уул жана 2 кызы бар. Мен ошол уулумдун колундамын. Балдарымдын сыйын көрүп, бактылуу карылыкты өткөрүп жатам», - деди баатыр эне.

WhatsApp Image 2017-05-25 at 13.02.34

Ал азыркы жаштарга жеӊилдиктер көп экенин айтып, бирок ошого карабай баланы аз төрөп жаткандарына нааразы болду.

«Азыр келиндер аз төрөп калышты. Аларга жеӊилдиктер көп, памперс дегенди колдонушат. Бизде андай болгон эмес. Жалаӊаяк тоо-ташта төрөп жүрчүбүз. Ал кезде кленка деген бар эле. Конокко барсак аны койнубузга катып алып барчубуз. Балдардын алдына салчубуз. Азыр болсо баары даяр, жаштар кыйналбайт. Бирок, ошентсе да мурдагыдай он чакты баланы төрөп өстүргөндөрүн көрө элекмин», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×