Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Чүй облусуАламүдүн району 26.05.2017 10:47

Айыл турмушу: Аламүдүндүк Н.Беченкина самындан декоративдүү букет гүлдөрдү жасайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районунун 21 жаштагы тургуну Наталья Беченкина самындан декоративдүү букеттерди жасап сатат. Анын эмгектерин Turmush басылмасынын кабарчысы көрүп келди.

«Мен өзүм үчүн дайыма табигый каражаттарды жана тамак-аштарды колдоном. Азыркы учурда медицина тармагында окугандыктан кошулмаларды жакшы тандап, ар түрдүү майлардан самын жасайм. Самынды 2 сааттан бир нече күнгө чейинки убакытта жасап бүтөм», - деди кол өнөрчү.

Ал жасаган самындардын баасы 40 сомдон өйдө бааланат.

«Азыркы учурда мындай самындарды алган адамдар көп. Ар бир кардардын табитине жараша жасап берем. Самындан жасалган гүл көпкө чейин турат. Ошондой эле, үйдүн ичине өзгөчө жыт берип турат. Такыр бузулбайт. Табигый майлардан турат жана денени жумшартат. Чыныгы табигый каражаттарды түшүнгөндөр көп сатып алат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×