Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Талас облусуКара-Буура району 26.05.2017 10:16

Айыл турмушу: Таластык Г.Токтогулова күнөсканасынан үчүнчү түшүм алууда (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Тамчы-Булак айылынын 56 жаштагы тургуну Гүлнахар Токтогулова 1,5 жылдан бери күнөсканада жашылча өстүрүп, киреше табат. Багбан айымдын иши менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча мугалим.

«Күнөсканага жашылча өстүрүүнү көптөн бери самап жүргөм. Пенсияга чыккандан кийин айыл чарба институтунда курс жүрүп калды. Ал курстан өткөн соң сертификат берилди. Ал сертификаттын негизинде банк 10% менен насыя берди. Жалпы 800 миң сомго жакын каражат кетти. Бүгүнкү күндө үчүнчү түшүмүн алып жатабыз. Жашылчаларга гуми беребиз, булар ооруп калат экен. Аны дагы кымбат каражатка алабыз. Жакшы караса бир сезондо 1,5 тоннага чейин түшүм алса болот», - деди ал.

Дыйкан айым жолдошу экөө 5 кыз, 4 уулду тарбиялашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×