Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Чүй облусу 26.05.2017 09:37

Айыл турмушу: Чүйлүк Ү.Моӊолбаева кыздар үчүн кооз кольелерди жасап, 3 миң сомго чейин баалайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун 25 жаштагы тургуну Үмүт Моӊолбаева шурудан кооз кольелерди жасайт. Анын эмгектерин Turmush басылмасынын кабарчысы көрүп келди.

«Мен бул кол өнөрчүлүктү чоң апамдан үйрөнгөм. Ал колунан көрү төгүлгөн мыкты уз болгон. Алгач кол өнөрчүлүккө анча деле кызыккан эмес элем. Азыр ал менин хоббим. Керектүү каражаттарды шаардагы базарлардан сатып алам. Ар бир кольени жасоо үчүн ар кандай убакыт кетет. Мисалы, сөйкөнү жарым саатта эле бүтсө болот. Ал эми, билерикти, моюнга таккан шуруну 1 сааттан 4 саатка чейин жасап бүтөм», - деди кол өнөрчү.

Анын жасаган буюмдары 30 сомдон 3 миң сомго чейин бааланат.

«Мен жасалгаларымды жармаңкелерге алып чыгып, ал жактан да сатам. Бир айда болжол менен 30дай адам сатып алат. Негизи кол өнөрчүлүк жакшы жана кошумча киреше табууга дагы жардам берет. Келечекте дүкөн ачып, өзүмдүн жасаган буюмдарымды сатам деп максат коюп жатам», - деди ал.

Кол өнөрчү үй-бүлөлүү, 3 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×