Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусуБаткен району 24.05.2017 17:08

Айыл турмушу: Баткендик Б.Асамидинов өтүкчү, ачкыч жасоочу болуп иштеп, күнүнө 300 сом табат (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айылынын 46 жаштагы тургуну Бекназар Асамидинов 5 жылдан бери өтүкчү, ачкыч жасаган уста болуп иштейт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, күнүнө 250-300 сом акча табат.

«5 жылдан бери өтүкчү болуп, ар кандай ачкычтардын түрүн жасап иштейм. Келген кардарлардын саны жакшы. Бир үй-бүлөнүн багууга жетиштүү. Үй-бүлөбүздө 9 киши жашайт. Күнүгө бардык чыгашалардан тышкары 250-300 сом табам. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» демекчи, турмуш-шарттын мажбурлугунан бул кесипке ээ болуп калдым.

Артымдан шакирт улоо ниетим бар. Бул күнгө чейин бир нече балдар «үйрөтүңүз» деп келди. Макул болуп кабыл алам. Бирок, тилекке каршы аягына чыкпай, келбей койгон учурлар болот. Эң кызыгы бир аял келип, «балам келип сенден өтүкчүлүктү үйрөнсүн» деди. Мен макул болдум. Бирок, ал эже «балам күнүгө келгениге канча акча төлөйсүң?» деди. Мен «мен акча төлөбөйм, бир кесипке үйрөтөм» десем, «менин балам сага бекер иштемек беле» деп жибербей койду», - деди ал.

Уста буга катар эле, ачкычтарды 450 сомго чейин жасай тургандыгын кошумчалады.

«Ар кандай унаалардын ачкычын жасоого менде толук шарт жок. Бир түрдүү эле ачкычтарды жасоочу жабдыгым бар. Ачкычтарды 100 сомдон баштап 450 сомго чейин жасайм. Керектүү материалдарды Бишкек, Ош жана Тажикстандан алып келем. Андан да кымбаттары бар, бирок, элдер кымбатын жасатпайт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×