Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Чүй облусуАламүдүн району 24.05.2017 14:19

Айыл турмушу : Тай бокстун машыктыруучусу К.Касымовдун окуучулары эл аралык спорт чеберлери болушту (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 42 жаштагы тургуну Канатбек Касымов 14 жылдан бери жаш спортчуларды тай бокс, кикбоксинг боюнча машыктырып келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ысык-Ата районундагы Кеӊ-Булуӊ айылында төрөлгөн.

«1992-жылы Кеӊ-Булуӊ орто мектебин аяктагам. 1995-жылы айыл чарба техникумун бүтүргөм. 1995-жылдан 2002-жылга чейин кикбоксинг боюнча машыккам. 2003-жылдан тарта машыктыруучу болуп, тай бокс, кикбоксинг спортун окуучуларыма үйрөтө баштадым. Негизи менден машыккан балдар абдан көп. Бирөө келсе, экинчиси кетет. Алардын арасынан тандалгандары гана аягына чейин машыгып, ийгиликтерге жетишет. Ушул жылга чейин өлкөнүн жана эл аралык спорт чеберлерин чыгардым. Окуучуларым Дүйнө кубогу-2013, Азия чемпиону-2014, Европа чемпиону-2016 жана Дүйнө чемпиону-2017 мелдештеринде чемпион болушкан. Өзүм кикбокс жана бирма боксу боюнча Кыргызстандын спорт чебери болдум. Келечекте, менден машыккан окуучуларым дүйнөгө таанылган спортчулар болсо дейм», - деди спортчу.

Каарманыбыз үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.

«2000-жылы үйлөнгөм. Эки балам бар. Улуусу Амир 10-класста, экинчиси Амин 7-класста окуйт. Амир футболго кызыкса, Амин менин жолумду жолдоп кикбокс жана бирма бокс менен машыгып жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×