Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Чүй облусуАламүдүн району 23.05.2017 17:53

Айыл турмушу: Аламүдүндүк Е.Мойсова камырдан жана эски буюмдардан кооз азем белектерди жасап сатат (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун Пригородный айылынын 32 жаштагы тургуну Екатерина Мойсова камырдан жана эски буюмдардан кооз азем белектерди жасап сатат. Анын эмгектерин Turmush басылмасынын кабарчысы көрүп келди.

«Кол өнөрчүлүккө кичинекей кезимден эле аралаштым. Азыр кол эмгектин түрлөрүн үйрөнүп баштадым. Камырдан сырткары эски буюмдарды жаӊыртып, өзгөчө фантазия менен азем белектерди жасап чыгам. Бир буюмду жасаганга 3 күн кетет. Ошондой эле, ташка сүрөт да тартам. Ага көп күндөй убакыт керектелет», - деди ал.

Ал жасаган буюмдарын 100 сомдон жогору сатат.

«Бул азем белектер көп жыл сакталат. Эң аз дегенде 3 жыл сактаса болот. Эгер анын турган жери нымдуу болбосо, көпкө сактоо мүмкүнчүлүгү бар. Ар бир жакын адамга белекти өз колуң менен жасап берсең, абдан жакшы бааланат. Келечекте кол өнөрчүлүк боюнча мектеп же болбосо ишкана ачайын деген максаттарым бар», - Е.Мойсова

Ал азем белектерди сатканына 5 жыл болду. Үй-бүлөлүү, эки уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×