Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Талас облусуБакай-Ата району 23.05.2017 16:33

Айыл турмушу: Таластык уста Амангелди техникалардын тетиктерин жасайт (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун 1-Май айылынын 27 жаштагы тургуну Бектурган уулу Амангелди 7 жылдан бери техникалардын тетиктерин жасайт. Аймактык кабарчы темир уста менен таанышты.

Анын айтымында, орто мектепти аяктагандан кийин тракторист-айдоочу кесибине ээ болгон.

«7 жылдан бери темир устачылык менен алектенип келем. Айыл ичинде тракторлорго керектелүүчү тетиктерди жасайм. Кээ бир күндөрү трактор менен элдин жерлерин айдап, малалап берем. Кылган ишим 400 сомдон 800 сомго чейин бааланат. Көбүнчө жазга маал тынбай иштейм. Жер айдоо маалында көпчүлүк темирлерин көтөрүп келип, керектүү буюмдарын жасатып кетишет», - деди ал.

Уста учурда жубайы менен 2 кызды тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×