Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Чүй облусуАламүдүн району 23.05.2017 14:02

Айыл турмушу: Аламүдүндүк О.Пронь 25 жылдан бери бактан жасалган буюмдарга сүрөт тартып, 10 миң сомго баалайт (фото)

Turmush -  Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын 47 жаштагы тургуну Ольга Пронь бактан жасалган буюмдарга боёк менен сүрөт тартып, анын ар бирин 1 миң сомдон 10 миң сомго чейин сатат. Анын эмгектерин Turmush басылмасынын кабарчысы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, кичинекей кезинен баштап эле сүрөт тартчу.

«Азыркы С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайды аяктагам. 25 жылдан бери ушул боёк менен иштеп, сүрөт тартып келем. Бактан буюмдарды атайын усталарга буйрутма берип жасатып алам. Андан соң, аларга сүрөт тартып баштайм. Бир эмгегимди бир күндөн бир жумага чейинки убакытта жасап бүтөм. Ал жумуштун татаалдыгына жараша болот», - деди кол өнөрчү.

Анын жасаган эмгектерин болжол менен бир айда 10 киши сатып алат.

«Негизи өзүңөр тандаган кесипти сүйүү керек деп ойлойм. Ошондо гана жасаган ишиӊден жыйынтык чыгат жана ийгиликтерди багындыра аласың. Келечекте көркөм чыгармаларым үчүн атайын көргөзмө ачкым келет», - деди ал.

Ал үй-бүлөлүү, 2 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×