Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Талас облусуБакай-Ата району 23.05.2017 08:55

Айыл турмушу: Ветеринар М.Байболов Таласта жылкылардын шарп болушунун себебин ачыктады (фото)

Turmush -  Таластык 55 жаштагы Мырзабек Байболов айыл ичинде мал дарылайт. Аймактык кабарчы ветеринар менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1962-жылы Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында туулган. Ветеринардык билимди Россиядан окуган. 2014-жылдан бери Боо-Терек айылында ветсанитар болуп иштеп келет. Анын айтымында, азыркы тапта жылкылар шарп оорусу менен көп ооруп жатат.

«Бул оору жылдан жылга көбөйүп жатат. Себеби биз төө буурчакты сактоо үчүн дары-дармектерди беребиз. Күзүндө бакалдарды жыйнап, кышы менен ал чөптү малыбызга беребиз. Ошондуктан малга терс таасирин тийгизип жатат. Шарпка каршы дары бар. Ал мамлекет тарабынан гана алынып келет.

Малдарды 6 айда бир айыл ичин кыдырып дарылап турам. Жылкылар 50 сом, уй 30 сом, кой 20 сом, тоок 10 сомдон дарыланат. Майда жандыктар ооруп калса күн-түн дебей барып дарыларын берип турам. Анткени бул менин милдетим», - деди ал.

Ветеринар учурда жубайы менен 5 баланы тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×