Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Талас облусуБакай-Ата району 22.05.2017 17:16 На русском

Айыл турмушу: Таластык Р.Кадыркулов айыл четине курган кичи ГЭСти иштетип жатат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл аймагынын тургуну Руслан Кадыркулов өз алдынча кичи ГЭС жасап иштетип жатат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Анын айтымында, айылдан 3 км алыстыктагы кашарда жашайт. Мында электр энергиясы жок болгонуна байланыштуу күнүмдүк тамак-аш жасоого жана сыналгы көрүү үчүн кичи ГЭС курган.

Руслан Кадыркулов бул ГЭСтин курулушу менен жашылча-жемиштерди сактоо үчүн муздаткыч куруп, Россия жана Казакстан мамлекеттери менен келишимдин негизинде иштешип, алма-өрүктөрдөн жасалган продукцияларды сактоону максат кылууда. Чарбасында 15 гектардан ашуун жери бар. Анын 9 гектар жерине 3200 түп алма, 3 гектар жерине 4 миң түп кара өрүк, 1 гектар жерине малина тиккен. Жакында 200 тонна мөмө батуучу жай курууну пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×