Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Чүй облусуАламүдүн району 22.05.2017 11:35

Айыл турмушу: Аламүдүндүк О.Фёдорованын зер буюмдарына Израилден бери буйрутма беришет (фото)

Turmush -  Чүйдүн Аламүдүн районунун 40 жаштагы тургуну Ольга Фёдорова бир жарым жылдан бери этно стилдеги зер буюмдарды жасайт. Анын эмгектерин Turmush басылмасынын кабарчысы көрүп келди.

«Мен кол өнөрчүлүк менен алектенип баштаганыма 1,5 жыл болду. Бул зер буюмдарды кошумча акча табуу максатында ойлоп чыгып, жасап көрүүнү чечтим. Шыгым, талантым бар экен. Тез эле үйрөнүп, жасап кеттим», - деди ал.

Кол өнөрчү жасаган буюмдарын 200 сомдон 1,5 миң сомго чейин баалап сатат.

«Бир зер буюмду жасоо үчүн күнүгө 2-3 саат отуруп, бир нече күндө жасап бүтөм. Жасагандарымды Израиль өлкөсүнө чейин жөнөтөм. Келечекте кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстарды көрсөтөйүн деп жатам», - деди кол өнөрчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×