Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Чүй облусу 20.05.2017 15:19

Айыл турмушу: Чүйлүк О.Наумова жүндөн мультфильмдеги каармандарды жасайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун 40 жаштагы тургуну Ольга Наумова табигый жүндөн мультфильмдердеги каармандарды чагылдырган оюнчуктарды жасап, жакшы киреше табат. Анын эмгектерин Turmush басылмасынын кабарчысы көрүп келди.

«Мен интернет желелеринен жүндөн жасалган оюнчуктарды көрүп калдым. Кызыгып, аларды жасоо жолдорун өзүм үйрөнө баштадым. Оюнчуктарды жасаганыма быйыл 3 жыл болот. Алгач оюнчук жана жаздыкчаларды жумшак кылып жасачумун. Азыр жүндөн жасап, аны ийлеп, ийне менен тигем. Бир оюнчукка 3 күндөн 1 жумага чейин убакыт кетет», - деди ал.

Кол өнөрчү жасаган куурчактарын 500 сомдон 2000 сомго чейин сатат.

«Келечекте жүндү кургак ийлөө боюнча мастер-класс көрсөтүп, чоң көргөзмөлөргө катышууну максат кылуудамын», - деди кол өнөрчү.

Ал үй-бүлөлүү, бир кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×