Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузак РИИБдин жетекчиси Н.Сыдыковду кызматтан алуу үчүн каралоо аракети жүрүүдө, - жактоочу

Turmush -  Сузак РИИБдин жетекчиси Нурбек Сыдыковду кызматтан алуу үчүн каралоо аракети жүрүүдө. Мындай пикирин Н.Сыдыковдун жактоочусу С.Каримов билдирди.

Анын айтымында, Сузак РИИБдин башчысы Нурбек Сыдыков Сузак айылындагы жума күнү уюштурулуучу базарды иретке келтирүү үчүн жасаган кадамы жол боюнда олтургандарга жакпагандыктан, аны каралоо аракети көрүлүүдө.

Буга чейин Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы А.Маматов базарды иретке келтирүү үчүн буйрук чыгарган. Анткени, жума күнү базарда соода кылгандар жолдун четтерине чыгып, борбордогу эс алуу сейил багына чейин чыгып кетишкен. Бул абалга жергиликтүү жашоочулар нааразы болуп, тийиштүү бийлик өкүлдөргө кайрылышкан. Ошондой эле, жергиликтүү банктардын биринин өкүлү да иретке салуу өтүнүчү менен кайрылган.

Акимдин буйругунун негизинде комиссия мүчөлөрүнүн курамында Сузак РИИБдин башчысы да кирген. Мындан улам коомдук тартипти сактоо, баш аламандыкты жөнгө салып, жол четине чыгып кеткендер базар ичине киргизилген. Бирок, сейил бак ичинде, жол жээгинде соода кылгандар тартиптин киришине нааразы болушуп, Сузак РИИБдин башчысынын үстүнөн райондук прокуратурага арыз жазышкан. Район прокурору кылмыш ишин козгоого негиз жок экенин билдирип, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

«Учурда Н.Сыдыковду жумуштан кетирүүнүн амалы болуп жатат. Моралдык чыгым боюнча сотко кайрылалы деп жатабыз», - деди РИИБдин башчысынын жактоочусу.

Ал акча чогултканы боюнча айтылып жаткан пикир курулмай доомат экенин да кошумчалады. Маалым болгондой, Сузак РИИБдин башчысы учурда оорукана дарыланууда. Ал саламаттыгы жакшыргандан соң өз чындыгы үчүн соттошууга барат.

Буга чейин ИИМден маалымдашкандай, Сузак районунун бир нече жашоочулары Жалал-Абад ОИИБге кайрылып, РИИБдин башчысы ар кандай шылтоо менен базарда иштеген ишкерлерден акча чогултуп жаткандыгын билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1341
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×