При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
68.02    76.07    1.2    KZT 0.22

Фото — Жалал-Абад мамлекеттик университетинде эң сулуу кыз тандалды

Turmush -  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студент кыздар арасында «ЖАМУ сулуусу — 2017» сынагы өттү.

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата өткөрүлгөн сулуулар сынагына окуу жайдын бардык факультеттеринен жана колледждерден жалпы 10 кыз ат салышты. Сынак төрт тур менен өттү.

Аталган окуу жайдан билдиришкендей, сынактын негизги максаты - окуу жайда окуган ай чырайлуу, акылдуу, интеллектуалы жогору, ички дүйнөсү менен сырткы келбети дал келген студент кыздарды адептүү, ыймандуу жана эстетикалык сулуулукка, коомдук жайларда өзүн алып жүрүүгө, тандаган кесиптин кесипкөй адиси болуп калыптанууга умтулган ишмердүүлүгүн даңазалоо менен аларды сергек жашоого, ар тараптуу терең билим алууга, креативдүү ой жүгүртүп, мобилдүү болгонго, бош убактысын туура пайдаланууга шарт түзүү.

Калыстар тобунун чечими менен баш байгени экономика-юридикалык факультетинин 4-курсунун студенти Бөрүбаева Алина алып, «ЖАМУнун сулуусу - 2017» таажысын тагынды. Ага Ысык-Көлгө он кунгө эс алууга жолдомо тапшырылды.

Сынакка катышкан кыздар:

- Арзыбекова Айжамал – Педагогика жана маалымат технологиялары факультети (1-курс)

- Ташиева Зуура - Жалал-Абад колледжи (1-курс)

- Таирова Динара – Филология факультети (1-курс)

- Авазбекова Элиза – Медициналык колледж (1-курс)

- Абдусаламова Нурия – Табийгый техникалык факультети (3-курс)

- Аскаралиева Асель – Филология факультети (1-курс)

- Медербекова Айтурган – Медициналык колледж (1-курс)

- Даниярова Жылдыз – Филология факультети (1-курс)

- Кочкорова Айтурган – Педагогика жана маалымат технологиялар факультети (3-курс)

- Бөрүбаева Алина – Экономика-юридикалык факультети (4-курс).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1479
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×