При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
68.02    76.07    1.2    KZT 0.22

Жергиликтүүлөр Көк-Сайга электр тартылбаса тажиктер жерди ээлеп алат деп кооптонушууда

Turmush -  Тажикстандын Исфара району менен чектешкен Баткендин Достук айылынын Көк-Сай аймагында электр энергиясынын жоктугунан 70ке жакын кожолук өз тилкелерине көчүп бара албай жатышат.

Жергиликтүү тургун Өмүрзак Исаевдин айтымында, Көк-Сай аймагында союз мезгилинде колхоз иштеп, кийин ыдырап кетишкенден бери ал жер бак бойдон калган. Аталган аймакта кыргыздар отурукташпаса тажиктер жерди ээлеп алышы мүмкүн.

«Менин ата-бабам ушул жерлик болушкан. Бул жерде 30 кожолук эл бар эле. Бирок согуш убагынан кийин бизди бул жерден көчүрүп, Достук айылына бөлүп коюшкан. Кээ бирлери башка айылдарга көчүп кетишкен. Бул жер биздин түшүм алуучу багыбыз. Мындан башка эгин кыла турган жерибиз жок. Эгер биз бул жерге отурукташпасак, анда тажиктер көчүп келе берет экен. Азыртадан эле Көк-Сайдын асты-үстүнөн үй сала башташкан», - деди ал.

(Өмүрзак Исаев)

Ал эми, Достук айылынын тургуну Абдыразак Бостоновдун айтымында, мындан 3-4 ай мурун аймакка элетр мамычалары жеткирилип, бирок алар орнотула элек.

«3-4 айдан бери 30 мамы бекер жатат. Бул мамычаларды Көк-Сай аймагындагы электр үчүн орнотуп беришсе болмок. Бирок алар суу же электр үчүн алынып келингени белгисиз. Эгер бизге электр эле тартылып берилсе анда сууну насос аркылуу өзүбүз чыгарып алмакпыз», - деди Бостонов.

(Абдыразак Бостонов)

Буга чейин айыл тургундары суунун тартыштыгынан улам насостук станция куруу зарыл экендигин да айтып чыгышкан.

Ал эми, Баткен электр ишканасынын директору Каламбек Маркаевдин айтымында, мамылар насостук станция үчүн жеткирилген. Алынып келинген мамычалардын орнотулбай тургандыгынын себеби аталган аймактагы эл бир чечимге келе албай жатышкандыгында.

«Достук айылында мурдатан эле суу көйгөйү болгондуктан эл насостук станция куруп берүүнү өтүнгөн. Ош электр ишканасынын каржылоосу менен насостук станция үчүн мамыларды алып келип иш баштап, орун каза баштаганыбызда, тургундар чек арада жайгашкан Көк-Сай аймагына электр энергиясын жеткирүү маселелерин айтып чыгып, ишибиз токтоп калган. Эки маселени бирдей кароого Ош электр ишканасында да шарт болбой калып, биринчи өтө муктаж маселени чечүү керектиги айтылган. Эми тийиштүү тараптар мамыча, трансформаторлор кайсы жайга орнотула турганын аныкташса, анан биз орното баштайбыз», - деди Маркаев.

Жергиликтүүлөр аталган аймакка электр тогу гана тартылып берилсе, сууну өздөрү насос аркылуу тарттырып, көчүп барып чек араны сактап калууну көздөшөт.

Аталган аймакта «Чек арачы апа» атка конгон Урулка Алимбаева өмүрүнүн акырына чейин чек араны карап жүрүп көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1999
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×