При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
68.02    76.07    1.2    KZT 0.22

Фото - Ак-Талаа районунда «Жыл мугалими - 2017» сынагы өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 19-майда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мугалимдеринин жана тарбиячыларынын арасында «Жыл мугалими - 2017» кароо-сынагы башталгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жыл сайын өтүлүүчү сынакка райондун ар бир орто мектептеринин мугалимдери жана бала бакчалардын тарбиячылары катышууда. Жалпы 33 мугалим катышып жаткан сынактын алгачкы этабында мугалимдер жана тарбиячылардын окуу куралдарынын көргөзмөсү көрсөтүлдү.

Аталган сынак эки күнгө созулуп, жыйынтыгы эртең, 20-майда, чыгат жана жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 691
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×