При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Ошто нерв оорууларына чалдыккан балдардын колунан жаралган эмгектердин көргөзмөсү өттү

Turmush -  Дуон синдром даун синдрому жана башка нерв ооруларына чалдыккан балдар окуган №12 көмөкчү балдар мектебинде окуучулардын колунан жаралган буюмдардын көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Буюмдарды мекемедеги балдар өз колдору менен жасашкан. Кыздар болсо чеберчилик менен алектенип кийгизден мончок, шырдак ала кийигиздин макетин жасаганды, кийим кече жана шейшеп тигүүнү үйрөнүшкөн.

«Бул 12-көмөкчү балдар мектеби мурда 8 жылдык болгон. Быйыл 9-класс ачылып, алгачкы бүтүрүүчүлөр уядан учканы турушат. Ушул балдардын колунан жасалган кооз буюмдардын көргөзмөсүн уюштурдук. Бизге келген коноктор абдан жакшы баалашты. Буйруса бүтүрүүчүлөр кесиптик лицейлерге тапшырабыз деп кубанып турган учуру», - деди директор Рахат Шакирова.

Иш-чарада мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарабынан ыр-бийлер аткарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 447
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:13,   25.07.2017   ( 9 адам окуп жатат)
13:00,   26.07.2017   ( 9 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу