При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Ошто дипломаттардын футбол мелдеши өтүп жатат

Turmush -  Ошто Тышкы иштер министрлигинин кубогу үчүн футбол боюнча мелдеш өтүүдө . Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, 6 команда катышып жаткан мелдешти ФИФАнын калысы Бахадыр Кочкоров көзөмөлдөп жатат. Ага Тышкы иштер минитрлигинин Оштогу өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясынын, Оштогу чет өлкөлөрдүн консулдарынын командалары жана эл аралык уюмдардын командалары катышууда.

Мелдештин негизги максаты - сергек жашоону камсыздоо жана Ош шаарында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн уюмдардын достук мамилесин чыңдоо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 578
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу