При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
68.02    76.07    1.2    KZT 0.22

Жаш талант: 16 жаштагы Б.Каралтаев эркин күрөштө ийгиликтерди жаратып жатат (фото)

Turmush -  Таластык 16 жаштагы Байзак Каралтаев эркин күрөш боюнча республикалык мелдештен мүмүш медаль тагынып кайтты. Аймактык кабарчы балбан жигиттен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында туулган.

«3-класстан бери күрөшкө катышып келем. Эркин күрөшкө катышуума досум себепчи болгон. Экөөбүз бир класста окуп, бир залда машыгып чогуу жеңишке жетишебиз деп көп кыялданчубуз. Досум балам экөөбүз максатыбызга жеттик. Машыктыруучум Токмамбетов Куттубек агайым ийгилик жаратуума түрткү болуп келет. 3-классыман бери ушул убакка чейин көп ийгиликтерди жараттым. Былтыр республикалык мелдештин чемпиону болсом, быйыл 55 кг салмакта күмүш медаль тагынып кайттым.

Мындан тышкары, тенниске кызыгып бош убактымда ойноп келем. Буйруса мыкты спорт чебери болсом деген тилегим бар», - деди ал.

Балбан жигит учурда Б.Сатыбеков Оатындагы орто мектебинде 9-класста окуйт. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 316
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×