При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
68.02    76.07    1.2    KZT 0.22

Караколдо «Эне жана гүл» фестивалында айгүл, азалия гүлдөрүн өстүргөн аялдар жеңүүчү аталды (фото)

Turmush -  Каракол шаарында Энелер күнүнө карата «Эне жана гүл» фестивалы өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Фестивалга шаарда жашаган бардык энелер үйдө, короосунда өстүргөн гүлдөрүн ошондой эле, мекеме-ишканалардын кызматкерлери кеңселерде өстүргөн гүлдөрүн алып келишти. Фестивалдын жыйынтыгында сейрек кездешүүчү гүл өстүргөн айымдарга белектер берилди. Анда азалия гүлүн алып келген вице-мэр Акылсайра Жумабекова баш байгени утуп алды. 1-орунду айгүл гүлүн өстүргөн Гүлмира Малдыбаева алса, 2-орунга Толкунай Абдразакова, 3-орунга Шайгүл Муканбетова татыктуу болушту. Жеңүүчүлөргө грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чараны уюштурууга шаардык бюджеттен 10 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 292
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×