Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Жалал-Абад

Базар-коргондук дыйкандар ишкерчилик аркылуу жакырчылыктан чыгуунун жолдорун үйрөнүштү (фото)

Turmush -  Кечээ, 18-майда Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагынын Кара-Ой айылында «Талаа күнү» аттуу тажрыйба алмашуу иш-чарасы өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

«Ишкерчиликти өнүктүрүү демилгелерин колдоо аркылуу жакырчылыктан чыгуу» долбоору алкагында уюштурулган иш-чарага Могол айыл аймагынан 50гө жакын дыйкан, фермерлер катышты. Иш-чарада күнөскана куруу жана анын ичинде жашылчаларды өстүрүү, бак-дарактарды кыйыштыруу улоо жана тоок чарбаны өнүктүрүү боюнча жергиликтүү тургундарга маалымат берилди.

Долбоор алкагында буга чейин айылга 1 моделдүү күнөскана курулуп, анда сапаттуу үрөндөр өстүрүлгөн. Мындан сырткары, 100 баш жумуртка багытындагы тоок, 150 даана бак-дарак көчөттөрү берилип, ошондой эле тамчылатып сугаруу системасы орнотулган. Жалпысынан Могол айыл аймагына 500 миң сомдук инвестиция тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 758
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×